7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш министрлигинин түзүмүнө жаңы департамент кошулду

23

11-декабрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликтин түзүмүнө жаңыдан киргизилген Инженердик изилдөөлөр департаментинин капиталдык оңдоодон өткөн имаратына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө департаменттин директору Болот Чолпонбаев министрге капиталдык оңдоодон кийинки имаратты көрсөтүп, жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берди.

Өз сөзүндө министр инженердик изилдөөлөрдүн курулуш тармагындагы маанилүү ордун белгилеп, департаменттин мындан аркы ийгиликтери, биринчи кезекте, кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө жана жоопкерчиликтүүлүгүнө байланыштуу экенин баса белгиледи. Ошондой эле коллективге ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курулуш тармагындагы инженердик изилдөөлөрдүн тарыхы 1975-жылдан башталат. Ошол жылы, Кыргыз ССРинин Мамкурулушунун буйругуна ылайык, 1975-жылдын 26-декабрында Курулуштагы инженердик изилдөөлөр боюнча Кыргыз башкы институту (КыргызГИИЗ) түзүлгөн. 1993-жылы институт кайра түзүлүп, ачык акционердик коомдун статусун алган.

Андан соң, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык, аталган институттун иш багытын улантуу максатында Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти түзүлгөн. Департамент түзүлгөндөн тарта, министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 50 жылдан бери эскирип калган имарат толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, колдонууга берилди.

Инженердик изилдөөлөр департаментинин негизги миссиясы — өлкөдө жүргүзүлгөн инженердик изилдөөлөрдү:
* илимий-техникалык жактан негизделген;
* ишенимдүү жана комплекстүү;
* долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн так жана коопсуз деңгээлде аткарылышын камсыз кылуу.

Департамент капиталдык курулуш объекттеринин сапатын жогорулатууну, инженердик коопсуздукту бекемдөөнү жана өлкөдөгү курулуш иштеринин технологиялык маданиятын өнүктүрүүнү максат кылат

24