7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рысбай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийип атканы үчүн кечирим сурайм»

20

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчысы Рысбай Исаков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу манасчылардын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу үн катты.

«3 күндөн бери манасчы Асаналы Калил уулу  экөөбүздүн ортобуздагы жеке маселе жалпы коомдук уу-дууга айланып кетти. Бул экөөбүздүн ортобуздагы пикир келишпестик болчу.

Жалпы журттан дагы бир жолу жеке маселени жалпы дуу-дууга алдырып, Манас дүйнөсүнө сөз тийгизип алгандыбыз үчүн кечирим сурайбыз!» — деп жазды манасчы.

Исаков манасчы Асаналы Калил уулуна жеке маселени жекече чечип алууну сунуштап, «Манас» театрына, Манас дүйнөсүнө сөз тийгизип алуудан алыс болууга чакырган.

Буга чейин 9-декабрда социалдык тармактарда “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу четтетилди.

Видео: Рысбай Исаковдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Рысбай Исаков манасчылардын пикир келишпестиги боюнча үн катты.
Булак: Super.kg

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от SEREPTV | ИНТЕРВЬЮ | ЖАНЫЛЫК (@sereptv)

21