7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылымга тете өмүр! Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

19
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.
1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон. Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. «Литературный Киргизстан» журналынын редактору, 1960-1965-жж. «Правда» гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. «Иностранная литература» журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта болгон. Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси «Гезитчи Дзюйдо» деген ат менен 1952-жылы «Киргизстан» альманахында орус тилинде жарыяланган.
Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде «Комсомолец Киргизии» газетасына жана «Киргизстан» альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле В. Катаевдин «Полктун уулу» повестин, М. Бубеновдун «Ак кайың» романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болот. Бул жылдары «Бетме-бет» (1958) жана «Обон» («Жамийла», 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда «Бетме-бет» повести кыргыз прозасына жаңылык катары кирди. «Обон», «Жамийла» повесттери кыргыз идеялык-эстетикалык проблематикасы жана ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты менен кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп тилдерге которулду. «Жамийла» өнүп-өсүп калган кыргыз прозасынын жаңы сапатка жетишип, өркүнү өскөн адабияттардын деңгээлине көтөрүлгөнүн дүйнөгө маалым кылды. Ошондон бери Айтматов жаңы чыгармаларында сейрек кездешүүчү талантынын улам жаңы кырларын ачып келе жатты
Анын «Саманчынын жолу» повести Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгегин даана сүрөттөйт. Чыгарманын баш каарманы Толгонайдын элеси аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз аялынын типтүү образын түзгөн. Бул трагедиялуу боектор менен жазылган зор оптимисттик күчкө ээ болгон Толгонайдын образына күчтүү драмалык чыйралыш, терең психологизм, эпикалык кеңири масштабдуулук мүнөздүү. Ал эми «Жаныбарым, Гүлсарым!» повестинин жарык көрүшү көп улуттуу совет адабиятына зор идеялык-эстетикалык табылга катары кирип, кыргыз прозасы социалисттик реализм жолунда дагы алдыга илгерилегенин далилдеди.
Айтматовдун «Ак кеме» аттуу повести жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө мааниге ээ. Бул чыгармада адам тагдырынын не бир катаал жактарын изилдөөдөгү жазуучунун кыраакылыгы, интеллектуалдуулугу, ийкемдүүлүгү көрүндү. Повесттин гуманисттик пафосу баштан-аяк адамдын бийик сапаты жана нравалык тазалыгын даңазалайт. Повесттеги «балык» болуп сууга агып кеткен баланын образы, куулук-шумдугу жоктугу, ак пейилдүүлүгү менен айырмаланып, адамды ар кандай бузукулукка, арамдыкка, зомбулукка каршы активдүү күрөшүүгө чакырат.
Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып «Эрте жаздагы турналар» (1973) аттуу лиро-романтикалык стилдеги повестин жараткан. «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» (1977) повестинде алыскы Охотск деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу сүрөттөлгөн. «Кылым карытар бир күн» (1980), «Кыямат» (1986), «Кассандра тамгасы» (1995) романдарында жазуучу учурдун актуалдуу проблемаларын: илим, техниканын, дүйнөлүк, эл аралык коммуникациялык байланыштын күчтүү басымы алдында адам өзүнүн жеке адамдык өзгөчөлүгүн, индивидуалдуулугун, адамгерчилик сапатын, өзүнө, келечекке болгон ишенимин сактап калуу аракеттерин Едигей, Бостон, Авдий, Филофей, Роберт Борк, Руна Лопатиналардын образдары аркылуу чагылдыруу менен адамзатты ыймандык тазалыкка чакырат.
Ошондой эле, публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн «Жер, суу менен авторлош» (орус тилинде), «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жыңыртат» (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең ачып бере билүү чебердиги, көркөмдүгү менен анын көркөм жанрдагы чыгармаларынан кем эмес окурмандарды өзүнө тартып турат.
Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер, кино-фильмдер коюлду.
1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу институту түзүлгөн. Ошондой эле, Бишкекте «Айтматов чыгармаларынын китепканасы», 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп, анын анык, ардактуу академиктери шайланган.
Сыйлыктары. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысыккөл форумунун» президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997).
Атасы Төрөкул Айтматов жана апасы Нагима Айтматова Түштүктө жашап иштегендигине байланыштуу, Чыңгыз 1932-1934-жылдары Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган. 1934-1935-жылы Фрунзеге ата-энеси которулуп келгенде дагы балдар бакчасына баруусун уланткан. Тагдырдын тамашасын караңыз, ошол бала бакчанын ордунда азыр Раззаков жана Киев көчөсүнүн кесилишинде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулган.
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
20