7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмышкерлерге «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып бергендер кармалды

204

КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборундагы коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен.

2025-жылдын ортосунда Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты эксперт-дарыгери Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргыз жаранынын туугандарынан 1,5 миллион сом алып, соттолуучуга карата эки жолу «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып беришкен.

2025-жылдын 10-декабрында аталган борбордун эксперт-дарыгери: 1950-жылы туулган А.Дж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар жогоруда айтылган 2 жолку соттук-психиатриялык экспертизаны жүргүзүшкөн.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө уланууда.

205