7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш талаптарын аткарбаган компаниянын лицензиясы токтотулду

16

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан “Глав Тех Инвест” ЖЧКсына карата кайрадан айып салынып, компаниянын курулуш лицензиясы токтотулду.

Белгилей кетсек, 9-декабрда борбор калаанын 10-кичи району, №20а дарегинде аталган компания тарабынан курулуп жаткан 4 кабаттуу соода борборунда коопсуздук техникалык эрежелери бузулуп жаткандыгы тууралуу тургундардан видео-кайрылуу келип түшкөн.

Натыйжада, башкармалык тарабынан курулуш компанияга карата административдик акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып салынган. Мындан тышкары, жазуу түрүндө эскертүү берилип, кемчиликтер жоюлмайынча курулуш иштери убактылуу токтотулган.

11-декабрда “Глав Тех Инвест” ЖЧКга буга чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында берилген жазма буйрукту аткарбагандыгы жана мыйзам бузууларды жойбостон курулуш ишин уланткандыгы үчүн кайрадан түзүлгөн протоколдун негизинде административдик айып салынды. Ошондой эле компаниянын лицензиясы токтотулду.

Министрлик бардык курулуш уюмдарына Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын жана курулуштагы коопсуздук техникалык нормаларын толук сактоо зарылдыгын эскертип, эрежелер аткарылбаган учурлар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирет.

17