Ош шаарында акын Алишер Навоинин айкели ачылды
19
12-декабрь күнү Ош шаарында улуу акын жана ойчул Алишер Навоинин айкели жана анын ысымын алып жүргөн проспекттин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага президентин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков баштаган расмий делегация жана шаар тургундары катышты.
Айкел Курманжан Датка жана Алишер Навои проспекттеринин кесилишине орнотулуп, анын айланасы толугу менен көрктөндүрүлдү.
Маданий иш-чара кыргыз-өзбек достугун чыңдоого багытталган концерттик программа менен коштолду.