7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адабият күнү белгиленди. “Алтын калем”адабий сыйлыгы тапшырылды

7

12-декабрь — Улуттук адабият күнү белгиленди. Бул майрам акын-жазуучулар, адабият күйөрмандары жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, Улуттук Тарых музейинде Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы өттү.

Анда көптөн күткөн “Алтын калем” жана бир катар таанымал адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Иманалиев Каныбек Капашович майрамдык куттуктоо менен кайрылды. Ошондой эле кийинки жылы Залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан Жигитовдун 90 жылдыгын өткөрүү, Дүйнөлүк поэзия фестивалын Кыргызстанда уюштуруу жана “Ала Тоо” журналын кайра басып чыгаруу пландары тууралуу билдирди.

Министрлер кабинети төрагасынын орун басары Эдиль  Байсалов жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри  Мирбек Маматалиев да куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, акын-жазуучуларга колдоо көрсөтүү максатында келерки жылы каражатты 5 миллион сомдон 10 миллион сомго көтөрүү тууралуу жарыялады.
Салтанаттуу кечеде конкурс тарабынан тандалган мыкты чыгармалардын авторлоруна дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Алтын калем” адабий сыйлыктарынын — жеңүүчүлөр
Проза жанры
Өмүрбаева Нуриза Батырбековна — 100 000 сом
Поэзия жанры
Тиллабаев Өмүрбек Алаканович — 100 000 сом
Драматургия жанры
— Бул номинация боюнча татыктуу жеңүүчү табылган жок.
Котормо жанры
Исмаилов Алтынбек Адылбекович — 100 000 сом
Адабий сын
Медетов Аскар Советович — 100 000 сом
Балдар адабияты
Курманов Жекшенбай — 100 000 сом
Орус тилдүү чыгармалар
Луговая Светлана Александровна жана Пятибратова Алла Леонидовна — ар бири 50 000 сом
Атактуу адабий сыйлыктын ээлери
“Алыкул Осмонов” атындагы адабий сыйлык
Мелис Мамажан уулу — «Деңиз дүйнө» китеби үчүн
“Мукай Элебаев” атындагы адабий сыйлык
Абибилла Пазылов — «Чын курандын жетиси» романы үчүн
“Тоголок Молдо” атындагы балдар адабий сыйлыгы — Жумабек Токтагазиевге ыйгарылды.
Улуттук адабият күнү — кыргыз руханий маданиятын даңазалаган майрам. Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Кыргыз адабияты өсүп-өнүксүн, калемгерлерибиздин чыгармачылык деми түгөнбөсүн!

8