7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчы шаарына 10 автобус берилди, дагы 10 техника берилүүсү күтүлүүдө

24

Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылып, жакынкы күндөрү дагы 10 атайын техника берилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрь Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Балыкчы шаарына иш сапары менен барган учурда белгилүү болду.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Камчыбек Кыдыршаевичтин демилгеси менен Балыкчы шаарын коомдук транспорт менен камсыздоо максатында Кытай Эл Республикасынан алынып келинген 24 орундуу 10 даана жаңы автобус шаар тургундарына тапшырылды. Жакынкы күндөрү шаарга кошумча дагы 10 даана атайын техника алып келүү пландалууда.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы №191 Жарлыгына ылайык бекитилген «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Балыкчы шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жай комплексинин курулуш иштери менен таанышты. Учурда көп кабаттуу үйлөрдөн турган комплексте негизги курулуш иштери жүрүп, бир катар имараттардын каркасы 3-кабатка чейин көтөрүлгөн.

Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуралык объектилердин абалы жеринен көрүлдү. Атап айтканда, мурда инженердик коммуникациялар менен камсыз болбогон жаңы конуштарда ичүүчү таза суу тартуу жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Учурда бул багытта тиешелүү техникалык иштер этап-этабы менен аткарылып, калкты негизги коммуналдык кызматтар менен камсыз кылуу маселеси чечилип жатат.

25