7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Японияга иш сапары менен барды (ВИДЕО)

298

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбордук Азия + Япония”Диалогунун Биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн.

Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысынын Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

299