7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мигранттардын балдары Россиянын мектептерине кирүү үчүн тестти Кыргызстанда жүргүзүү каралууда

203
Өлкө бийлиги мигранттардын балдарын Россиянын мектептерине кабыл алуу үчүн зарыл болгон тестирлөөнү Россияга бара электе эле Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Анын айтымында, мындай тестирлөөнү уюштуруу үчүн Кыргыз–Россия Славян университети (КРСУ) өз аянтчасын берүүгө даяр.
“Бул маселе боюнча жогорку деңгээлде тапшырмалар берилген. Келерки жылы бул суроо оң жагына чечилет деп үмүттөнөм”, — деген Дарманкул уулу.

Бакыт Дарманкул уулу мигранттардын үй-бүлөлөрүн камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.

204