7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашуулардагы абал: Жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алынды

342

Бүгүн, 19-декабрь саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Азыркы тапта кар жаап жатат, жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ал эми Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө азыркы тапта күчүндө.

Ошондой эле Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат. Каттам бар. Кырдаал өзгөрсө, кошумча маалымат берилет. Мындан тышкары, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык.

Министрлик аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат.

343