2025-жылдын 18-декабрында Түркия Республикасынын Анкара шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин жалган маалыматтарга (дезинформацияга) каршы күрөшүү форуму расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Форумга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан республикаларынан, ошондой эле байкоочу макамындагы Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын делегациялары катышууда. Делегациялардын курамына Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мүчө мамлекеттеринин маалымат тармагына жооптуу министрлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, медиа жана журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү кирди.
Иш-чаранын расмий ачылышында
Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары
Өмер Кожаман жана Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коммуникациялар башкармалыгынын жетекчиси, профессор Бурханеттин Дуран куттук сөз сүйлөштү.
Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев баяндама жасап, анда ал санариптик мейкиндиктеги чакырыктар, медиасабаттуулукту жогорулатуу жана жалган маалыматтрга каршы күрөшүүдө мамлекеттер аралык кызматташуунун маанисине токтолду.
Өз сөзүндө Марат Тагаев Форумдун актуалдуулугуна өзгөчө басым жасап, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Учурда санариптик технологиялар тездик менен өнүгүп, маалымат өтө ыкчам тараган шартта медиасабаттуулук, маалыматтык коопсуздук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү өзгөчө актуалдуулукка ээ. Бул чакырыктар улуттук чек аралардын чегинен чыгып, жамааттуу, макулдашылган жана системдүү чечимдерди талап кылат. Ошондуктан бул Форумдун өткөрүлүшү өз убагында көтөрүлгөн жана стратегиялык мааниге ээ демилге болуп саналат. Форумдун жыйынтыктары түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө, биргелешкен медиапрактикаларды өнүктүрүүгө жана түрк дүйнөсү үчүн туруктуу, коопсуз маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга олуттуу салым кошоруна ишенем”.
Ал ошондой эле жана түрк дүйнөсүнүн кызыкчылыгы үчүн жоопкерчиликтүү маалыматтык чөйрөнү түзүүгө багытталган долбоорлорго жигердүү катышууга даяр экенин белгиледи.
Форум түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат жана санариптик коммуникациялар чөйрөсүндөгү кызматташуусун чыңдоо, ошондой эле маалыматтын ыкчам жайылуусу шартында жалган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу максатында уюштурулган. Иш-чара Түрк мамлекеттер уюмунун 2025-жылга чейинки маалымат чөйрөсүндөгү Иш-аракеттер планынын алкагында өтүүдө.



