7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайкуунун жашоочулары жергиликтүү башчыларга нааразы (ВИДЕО)

338

Алайкуунун жашоочулары жергиликтүү башчыларга нааразы. Бул тууралуу Азат Шерматов аттуу жаран өзүнүн фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, район, облус башчылары эл үнүн укса деле чечүүгө алдары жетпей жаткан.

“Урматтуу өлкө башчысы Садыр Нуркожоевич жана УКМК башчысы Камчыбек Кыдыршаевич!

Алайкуулук туугандардын арманын бир гана сиздер угат окшойсуздар. Район башчысы, облус башчысы укса деле чечүүгө алдары жетпей жаткандай. Алайкууга оор кар жаап, жол төрт күндө ачылган, бирок, ачылды эле аты бар, мына видеодогудай эптемей эле жол, айыл ичинде унаалар жүрө албай карга тыгылып жатышат жана бир айылдан башка айылга каттаган жолдор өтө начар. Алайкуулук туугандар бир гана сиздерге ишенип, сиздерден тикелей көмөк күтүп отурушкан мезгили. Ушул жол маселесин түз көзөмөлүңүздөргө алып, Алайкуу элине жардам берип коюну суранып жатышат”, — деп жазылат кайрылууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

339