7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нигерияда туткунга алынган 130 окуучу бошотулду

402

Нигерияда католик мектебинен туткунга алынган 130 окуучу бошотулду. Бул тууралуу Нигериянын президенти Бола Тинубунун басма сөз катчысы Сандэй Даре билдиргенин Известия жазды.

Анын айтымында, Нигер штатынан уурдалган бардык окуучулар толугу менен бошотулуп, учурда туткунда эч ким калган жок.

Буга чейин Associated Press агенттиги 22-ноябрда Нигериянын батышындагы католик мектебине куралчан адамдар кол салып, 200дөн ашуун окуучуну жана 12 мугалимди туткунга алышканын кабарлаган.

Ошондой эле 50 окуучу качып чыгып, ата-энелерине жеткени кабарланган.

403