7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулууда

19

Балыкчыда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Лабораториянын курулушуна, лабораториялык жабдуулар, оргтехника жана эмеректер менен жабдууга жалпы суммасы 350 миң доллар каралган.

«Бүгүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен «Юнихелп» компаниясынын ортосунда лабораториялык жабдууларды жана эмеректерди алуу үчүн 14 млн 170 миң 121 сомдук келишимге кол коюлду.

Лабораториянын курулушу Ысык-Көл жана Нарын облустарында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл кадам болуп саналат»,-деп айтылат билдирүүдө.

20