7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда кыштоодо 26 малчы жана 7 миңден ашык мал тоютсуз калды

13

Калың жааган кардан улам Токтогул районуна караштуу Толук айылында 26 малчы жана 7 миңден ашык мал тоютсуз калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Тактап айтканда, 21-декабрда райондук Жарандык коргонуу кызматынын башчысына жалпы 13 короодо 26 адам жана 7 760 баш мал (анын ичинде 7 250 майда жандык, 330 баш бодо мал, 180 баш жылкы) азык-түлүк жана тоютсуз калып калгандыгы тууралуу кайрылуу түшкөн.

22-декабрда Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү жерине чыгып, абалга мониторинг жүргүзүштү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жайытка жөө баруучу жолдун аралыгы болжол менен 50 чакырымды түзөт.

«Буга чейин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан күз айында айыл өкмөт башчысына кыштоодогу малчыларды алып түшүү боюнча эскертүү берилген. Бирок, эскертүүгө карабастан малчылар жайыттан түшкөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда 2 атайын техника тартылып, жолду тазалоо жумуштары башталды.

Кошумча маалымат берилет.

14