Бүгүн, 2025-жылдын 23-декабрында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл аймагындагы УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексинин ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, аталган иш-чарага УКМК төрагасы К.Ташиев, КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмонов, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы катышты.
“Кызыл-Белес” эс алуу борборунун жалпы аянты 19 гектар болуп, анда УКМК кызматкерлеринин эс алуусу үчүн керектүү заманбап шарттардын баары түзүлгөн.
Анда 15 заманбап эс алуу үйү курулуп, ар биринин аянты 60 кв.м, мындан тышкары асма жол (канатная дорога) 600 метрди түзөт. Кошумча көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери да каралган.
УКМК кызматкерлери жана ардагерлер кышкы-жайкы эс алуу күндөрүндө үй-бүлөсү менен таза абада чер жазып кетсе болот», — делет маалыматта.
Иш-чаранын соңунда генерал-полковник К.Ташиев “Кызыл-Белес” эс алуу жайынын кызыл тасмасын кесип, комплекстин ичинде түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.



