7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев: Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнөдө алдыңкы үчтүккө кирди

338

2024-жылы ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 11,5%ды түзсө, 2025-жылы бул темп сакталып, 11 айда ИДПнын өсүшү 10,2%ды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин бириккен отурумунда билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы ИДПнын көлөмү 1,6 трлн сом болсо, 2025-жылы алдын ала маалыматтар боюнча бул көлөм 1,8 трлн сомдон ашары күтүлүүдө.

«2020-жылы ИДПнын көлөмү 639 млрд сом өлчөмүндө болгон. Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен ИДПнын көлөмү үч эсе өстү. Өсүштүн бул көрсөткүчтөрү экономиканын туруктуу өнүгүшүн жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

ИДПнын өсүшү боюнча 2024-жылы Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн катарына кирсе, 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда болду. Бул Кыргызстан дүйнөлүк аренада ишенимдүү жана тез өнүгүп жаткан өлкө катары таанылып жатканын көрсөтүп турат. Кечээ Россиянын президенти Владимир Путин КМШнын Санкт-Петербургдагы бейформал саммитинде бул тууралуу өз сөзүндө белгиледи», — деди Касымалиев.

339