2025-жылы ИДП 1,8 трлн сомго жетери күтүлүүдө
15
2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү. Бул позитивдүү тенденция 2025-жылы да уланып, ИДПнын өсүшү 11 айдын ичинде 10,2%га жетет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында билдирди.
“Номиналдуу ИДП 2020-жылдагы 639 миллиард сомдон 2024-жылы 1,6 триллион сомго чейин өстү жана 2025-жылы 1,8 триллион сомго жетиши болжолдонууда, бул акыркы жылдары экономиканын үч эсеге жакын өсүшүн көрсөтөт”, — деп белгиледи МинКаб төрагасы.