Зергерчилик тармагы үчүн каралып жаткан жеңилдиктер бир дагы кошуна өлкөдө жок. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда билдирди.
Анын айтымында, зергерчилик тармагында бүгүнкү күндө мамлекетке расмий белгилүү болгону 47 гана өндүрүшчү бар жана алардын көпчүлүгү жарым-жартылай көмүскөдө иштеп келишет. Ошол эле учурда, сунушталып жаткан мыйзам зергерлерге кошуна өлкөлөрдө жок уникалдуу жеңилдиктерди берет.
«Каралып жаткан жеңилдиктер бир дагы кошуна өлкөдө жок. Лондон биржасынан алтынды 2 пайызга арзан сатып алуу мүмкүнчүлүгү жана 180 күнгө чейин төлөө мүмкүнчүлүгү сыяктуу бир катар жеңилдиктер каралып жатат. Жалпысынан зергерчилик тармагы үчүн салыктын ставкасы жүгүртүүдөн болгону 0,25 пайызды түзөт», — деди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.
Бул колдоо зергерчилик тармагын көмүскөдөн чыгарууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, мигранттарды өлкөдө кармоого жана жакырчылык менен күрөшүүгө олуттуу салым кошот. Зергерчилик — чоң потенциалы бар тармак, аны колдоо аркылуу 5 жылдын ичинде туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө болот.



