Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Жумабек Салымбековдун суроосуна жооп берип жатып, бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай тармагында көйгөйлөр бар экенин, бул маселеде Салык кызматынан көз каранды болбогон жагдайлар да орун алганын белгиледи.
«Бул маселеде бизден көз каранды болбогон жагдайлар бар экенин жакшы билесиздер. Тактап айтканда, Россия тарап чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп жатат. Бул маселе Президенттин жеке көзөмөлүндө . Азырынча бардык жагдайларды ачык айтууга мүмкүн эмес, бирок жакынкы аралыкта бул маселе туура жагына чечилет деген ишеним бар», — деп билдирди Салык кызматынын төрагасы.
Ал белгилегендей, учурда буга тийиштүү маселелер комплекстүү түрдө каралып жатат.



