7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таңкы рейд: Макаренко мектебинин айланасы курулуштардан бошотулат

33

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында №6 Макаренко атындагы жалпы билим берүү мекемесине барды. Калаа башчы мектепте окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, имараттын учурдагы абалын көрдү.

Мындан тышкары, мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды да кыдырып көрдү. Белгилүү болгондой, 2008 жана 2012-жылдары билим уясына тиешелүү бир катар жер тилкелери менчиктештирилип кеткен. Учурда ал аймактарда банк, соода жайлары, ашкана сыяктуу коммерциялык объектилер ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Жеңишбек Токторбаев жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объектилердин жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча иштерди улантуу тапшырмасын тиешелүү жетекчилерге берди.

Ошондой эле ал келерки жылдын январь айында мектептеги парта жана отургучтар толугу менен алмаштырылып, ал эми жайкы үч айлык каникул учурунда имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, мэр шаар аймагындагы мектептер менен бала бакчаларга тиешелүү, мурда жеке тараптарга өтүп кеткен жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча катуу талап коюп келет. Бүгүнкү күнгө чейин бир нече билим берүү мекемелеринин аймактары курулуштардан бошотулуп, келерки жылы бул багыттагы иштер дагы да күчөтүлмөкчү.

______________________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
#Ош_мэрия

34