7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт тармагы: 11 айга бюджетке 1 млрд 65 млн сом түштү

326

2025-жылдын 11 айында лицензия берүүдөн, административдик айыптан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан 1 млрд 65 млн 832 миң сом түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ал эми былтыркы көрсөткүч (2024-жылдын 11 айында) 334 млн 170 миң сомду түзгөн.

Быйылкыга карата чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен 218 миң 250 даана уруксат кагаздары алынды.

Коррупциялык элементтерди жоюу максатында жүк жана жүргүнчү ташууга лицензиялар, жүргүнчү ташууну уюштуруу сынактары жана уруксат кагаздарын берүү толугу менен санариптештирилип, адам факторунун кийлигишүүсү жок кылынды.

327