Кеминдеги күн электр станциясы аркылуу электр энергиясын өндүрүүнүн жылдык көлөмү болжол менен 210 миллион киловатт саатка жетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын расмий ишке киргизүү аземинде билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, “Этернал Энергия” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун инвестициясы 56 млн АКШ долларын түзөт.
“Бул долбоор эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күн энергетикасына салынган эң ири жеке инвестициялардын бири болуп саналат. Демек, долбоор чет элдик инвесторлордун өлкөбүздүн энергетика тармагына болгон кызыгуусу артып жатканын тастыктайт. Күн электр станциясы аркылуу электр энергиясын өндүрүүнүн жылдык көлөмү болжол менен 210 миллион киловатт саатка жетет. Салыштырып айтсак, бир райондун электр кубатына болгон керектөөсүн жабат дегенди түшүндүрөт.
Долбоорду ишке ашыруу электр берүүчү инфратүзүмдөргө күч келтирбей, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет”, — деди президент.



