Министрлер кабинети менен жеке инвесторлордун ортосунда кубаттуулугу 5 гигаваттан ашык күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча инвестициялык 12 келишимге кол коюлган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын расмий ишке киргизүү аземине катышканда билдирди.
Президенттин айтымында, энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууда мамлекеттин ролу чоң.
Мында инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, туруктуу ченемдик-укуктук базаны калыптандыруу, инфратүзүмдү өнүктүрүү жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы өз ара кызматташуунун ачык-айкын жана түшүнүктүү механизмдерин камсыз кылуу милдети коюлган.
“Эң башкысы, ишкердик жүргүзүүгө уруксат берүүнүн жол-жоболорун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү менен бул сектордун алдыга жылышын камсыздап жатабыз. Ошол эле учурда жеке сектор инвестициялардын, заманбап технологиялардын жана башкаруу чечимдеринин негизги булагы болуп саналат. Биз ишкерлерди инвестор катары гана эмес, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жана инновацияларды киргизүүдө стратегиялык өнөктөш катары да карайбыз.
Мындай иш-аракеттердин натыйжасында министрлер кабинети менен жеке инвесторлордун ортосунда кубаттуулугу 5 гигаваттан ашык күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча инвестициялык 12 келишимге кол коюлган. Учурда бир катар ири долбоорлор активдүү фазада турат. Жыл аяктап калды, эми аларды кийинки жылы четинен ишке ашыруу мерчемделүүдө”, — деп белгиледи өлкө башчысы.



