7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Кеминде курулуп жаткан цемент заводун көрүп чыкты

207

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Чүй облусунун Кемин районундагы цемент заводунун курулушу менен таанышты.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Садыр Жапаровго ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 3200 тонна клинкерди түзөрүн маалымдады.

Ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган. Ишкана 43 гектар аянтта жайгашат.

Заводдун курулуш этабында 300дөн ашык, ишке киргизилгенден кийин – 500дөн ашуун жумушчу орундары түзүлөт.

Президент Садыр Жапаров ишкананын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп, курулушту өз убагында бүткөрүү зарылдыгыны белгиледи. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

208