7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-канал Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кызматташуу келишимине кол койду

10

Бүгүн, 24-декабрда 7-канал менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин ортосунда студенттердин өндүрүштүк практикасын уюштуруу жана академиялык-өндүрүштүк кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча расмий келишимге кол коюлду.

Келишимге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин деканы, профессор, доктор Бесим Йылдырым жана 7-каналдын башкы директору Илязбек Балташевдер кол коюшту.
Аталган келишимдин негизги максаты — коммуникация факультетинин студенттерине тележурналистика тармагында практикалык тажрыйба алууга шарт түзүү, теориялык билим менен медиа өндүрүшүнүн ортосундагы байланышты бекемдөө жана жаш адистердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Кызматташтыктын алкагында студенттер 7-каналда жаңылык даярдоо, редакциялык иштер, тартуу процесстери, маек алуу, маалымат чогултуу жана эфирдик берүүлөргө түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Телеканал студенттерге тажрыйбалуу адистерди бекитип, коопсуз жана кесиптик чөйрөдө практика өтүүсүнө шарт түзөт.
Мындан тышкары, тараптар биргелешкен медиа семинарларды, тренингдерди, конференцияларды, академиялык панелдерди жана контент өндүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча да макулдашышты. Ошондой эле, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерди 7-каналга жумушка кабыл алуу мүмкүнчүлүгү берилмей болду.
Келишим үч жылдык мөөнөткө түзүлүп, автоматтык түрдө узартуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Документ кыргыз жана түрк тилдеринде даярдалып, эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул өнөктөштүк улуттук медиа мейкиндигинде квалификациялуу кадрларды даярдоого, билим берүү менен өндүрүштүн интеграциясын күчөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
11