7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады

1

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева баатыр энелердин жөлөкпулунун суммасын көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 23-декабрдагы парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Депутат өз сөзүндө өлкөдө 34 миң 764 баатыр эне бар экенин, учурда бул боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын айтты.

«Алар пенсиялары аз экенин, башка жеңилдиктер жоктугун, азыр инфляциянын мезгилинде пенсиялары эч нерсеге жарабай калганын айтып жатышат. Ушул компенсацияны көтөрүү боюнча мыйзам долбоорум даяр, чогуу иштешели»,— деген депутат өкмөт башчыга кайрылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тийиштүү кызматтар менен биргеликте жумушчу топ түзүп, долбоордун үстүндө иштеп чыгуу керектигин билдирди.

 

2