7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазасыз калбайт»

22

Аялдар менен балдарды коргоо маселеси “кызыл чекке” жетип баратат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдары зордук-зомбулук учурлар көбөйүүдө.

Садыр Жапаров аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбай турганын, бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы экенин айтты.

“Зордук-зомбулукту айтуунун өзү да оор, бул бирок биздин коом үчүн кечиктирилгис жат көрүнүш. Анткени, алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы.

Өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык багыттар берилген. Бирок мен дагы кесе айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш шылтоо, зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатты урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоолорго каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо гана ар бир аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекетти кура алабыз”, — деп белгиледи президент.

23