Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттин келечегин ишенимдүү армиясыз, натыйжалуу укук коргоо органдарысыз жана бекем коомдук тартипсиз элестетүү мүмкүн эмес экенин билдирди.
Мамлекет башчысы акыркы жылдары Кыргызстанда коргонуу секторун масштабдуу модернизациялоо иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.
«Жүз миллиарддаган сомго заманбап аскердик техникалар, авиациялык комплекстер, байкоо жүргүзүү каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, заманбап транспорт жана байланыш жабдуулары сатып алынды», — деп баса белгиледи президент.
Садыр Жапаровдун айтымында, көп жылдан бери биринчи жолу өлкөнүн Куралдуу күчтөрү XXI кылымдын талаптарына толук жооп берген жабдууларга ээ болду.
Ошону менен бирге ал техникалык кайра жабдуу жүргүзүлүп жаткан реформалардын бир бөлүгү гана экенине токтолду.
«Биз аскер кызматкерлерин даярдоонун стандарттарын жаңыртып, тартипти күчөттүк жана өздүк курамды социалдык жактан колдоону бир топ жакшырттык», — деди мамлекет башчысы.
Президент бүгүнкү күндө кыргыз аскери — бул заманбап технологияларды өздөштүргөн, аскердик антка бекем жана каалаган убакта өлкөнү коргоого даяр турган жогорку квалификациялуу адис экенин кошумчалады.
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров армияны реформалоо иши мындан ары да улана турганын билдирди.
«Биз жаштардын аскердик-патриоттук тарбиясын күчөтөбүз, өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтебиз жана Кыргызстандын ички-тышкы коркунучтарга карата туруктуулугун ырааттуу түрдө жогорулатабыз», — деди ал.



