7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Бизнести олуттуу жеңилдиктер күтөт»

23

Бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги тирөөчтөрүнүн бирине айланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердик тармагы олуттуу өсүштү көрсөттү. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 46,4 пайызга өсүп, 641 млрд сомго жетти. Ички дүң продукциядагы чакан жана орто бизнестин үлүшү 42,6 пайыздан 51,7 пайызга чейин жогорулады, ал эми ишканалардын саны 12 пайызга көбөйүп, 20 миңге жакындады.

Президент ошондой эле калкты жумуш менен камсыз кылуу тармагындагы оң динамиканы белгиледи. Чакан жана орто бизнесте иштегендердин саны 5,1 пайызга өсүп, учурда бул сектордо 617 миңге жакын адам эмгектенүүдө.

«Биз мындан ары да бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, ачык-айкын жана түшүнүктүү эрежелерди киргизүүнү, туруктуу финансылык колдоо көрсөтүүнү жана административдик тоскоолдуктарды кыскартууну улантабыз. Ишкерлерди тез-тез текшерүү жана аларга карата адилетсиз мамиле жасалган учурлар тууралуу маалыматым бар. Жаңы жылдан кийин биз бизнес өкүлдөрү менен биргеликте укук коргоо жана салык органдарынын катышуусунда жолугушуу өткөрөбүз. Бизнести олуттуу жеңилдиктер күтөт», — деди Садыр Жапаров.

24