7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Мугалимдер заманбап санариптик окутуу куралдары менен камсыздалат» (ВИДЕО)

16

12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасы менен катар эле билим берүү инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базаны ар тараптуу модернизациялоону улантабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.

“Алтын Казык” билим берүү программасы – биздин жол көрсөтүүчү жылдызыбыз. Ал билим берүүнүн келечектеги өнүгүү багытын аныктайт. Заманбап 12 жылдык моделге өтүү, жаңыртылган окуу китептери, XXI кылымдын компетенцияларына негизделген тиешелүү программаларды ишке киргизүү – Кыргызстандын жаңы муунун дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жасалган кадамдар. Ошентип биз билим берүү тармагында фактылардын жыйындысы эмес, ой жүгүртүү, чечүү жана түзүү жөндөмү болгон системаны түзүп жатабыз.

Инфратүзүм жаатында масштабдуу кадамдарды жасоодобуз:

53 мектеп типтүү мектептердин деңгээлине чейин модернизацияланат; 220 мектеп STEM лабораториялары жана тиешелүү жабдуулар менен жабдылат; алыскы жана тоолуу аймактарды кошкондо бала бакчалардын 50 пайызы жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат; мугалимдердин кеминде 85 пайызы ноутбук жана заманбап санариптик окутуу куралдары менен камсыздалат.
Бирок билим берүү мектептер менен гана чектелбейт. Бул бирдиктүү экосистема. Биздин максатыбыз – университеттерди өлкөнүн билим экономикасына өтүүсүнө түрткү берүүчү билимдин, изилдөөлөрдүн жана инновациялардын борборлоруна айландыруу. Жогорку окуу жайлардын алдында инновациялык хабдар, технопарктар, бизнес-инкубаторлор пайда болот. Анда жаштар стартаптарды түзүп, иштеп чыгууларды патенттеп, технологияларды киргизип, идеяларды коммерциялаштыра алышат. Натыйжада кечээги кыялдагы ойлор эртең конкреттүү түрдө ишке ашуусу керек”,-деди өлкө башчы.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

17