7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Сугат системасын жаңылоо – өзгөчө маанилүү багыт»

16

Сугат системасын жаңылоо – өзгөчө маанилүү багыт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.

Каналдар, насостук станциялар, гидротехникалык курулмалар салынууда жана реконструкцияланууда. Сууну жеткирүүнүн заманбап системалары киргизилип, эсепке алуу такталып жатат. Мунун баары түшүмдүүлүктү жогорулатууга, өндүрүштүн туруктуулугун камсыздоого жана чарбалардын кирешелүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.

Миңдеген дыйкандар тамчылатып жана жаандатып сугаруу жабдууларына ээ болууда. Бул татаал жерлерде да натыйжалуу өндүрүш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Стратегиялык максатыбыз – кыргыз айылдары өзүн-өзү араң баккан аймак эмес, тескерисинче, өсүштүн, ишенимдин жана мүмкүнчүлүктөрдүн борбору болушуна жетишүү. Жаштар айылдарда айласыздыктан эмес, өз каалоосу менен жашагандай болушу кажет. Дыйканчылык аз кирешелүү жана оор шарттагы жумуш катары эмес, заманбап экономиканын бөлүгү катары кабыл алынышы шарт. Ар бир гектар жер туруктуу киреше алып келип, ар бир чарба технологияга ээ болуп, ар бир өндүрүүчү сатык базарына жол табышы зарыл. Мына ушуну ушул жерде отурган тиешелүү министрлер ишке ашырышыңар керек.

Кыргызстан – азык-түлүк коопсуздугуна ээ, кайра иштетүү тармагы өнүккөн, экологиялык таза жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны туруктуу экспорттой алган өлкө болушу керек.

17