7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик курултай: Өлкөдө 27 өндүрүш жана 67 соцобъект пайдаланууга берилди

144

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан IV Элдик курултайдын жүрүшүндө өлкө боюнча бир катар өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан боюнча бир эле учурда 27 ишкана ачылып жатканын белгиледи.

Анын ичинде логистикалык борбор, сүттү кайра иштетүү цехи жана асфальт-бетон заводдору бар.

Мындан тышкары, бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана спорт залдарынын ачылышы болду. Бардыгы 67 объект.

Ошондой эле Баткен облусунда алыскы Зардалы айылына алып барган Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы унаа жолунун курулушу аяктады.

Жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт. Узундугу 7,5 чакырым болгон тилкеде жолду кеңейтүү иштери аткарылып, жардыруу иштери жүргүзүлүп, жаңы жол курулду. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон көпүрө салынды.

145