7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Кыргызстан авиация боюнча “кара тизмеден май айларында чыгат»

30

Кыргызстан Евробиримдиктин авиация боюнча “кара тизмесинен май айларында чыгып калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан бул тиземеден 20 жылдан бери чыга албай келе жаткан. Учурда Европа биримдигинин авиация боюнча “кара тизмесинен” чыгуунун чечүүчү этабы болууда.

“Мындан ары биз алдыга ишенимдүү карайбыз. Анда Кыргызстан үчүн Европанын асманы ачылат. Бул туризм инвестиция жана өлкөнүн эл аралык имиджи үчүн чоң ачылыш болот. Бүгүнкү күндө биздин өлкө чоң тарыхый секирик жасап жатат. Жаңыланган мамлекеттин символдорунун бири боло турган заманбап, коопсуз жана жогорку технологиядагы авиация тутуму түзүлдү. Авиация жөн гана транспорт эмес, өлкөнүн деми, ылдамдыгы жана өнүгүүгө артыкчылыгы катары кызмат кылат. Ал аркылуу региондор, континенттер байланышат. Акыркы кезде биз авиация инфратүзүмүн өнүктүрүүгө болуп көрбөгөндөй каражатты, миллиардаган сомду, өздүк ресурстарды жумшадык. Демек, биз авиацияны өз күчүбүз менен өнүктүрөбүз. Ички жана эл аралык каттамдар үчүн жаңы учактарды сатып алып, жаңы аэропортторду куруудабыз”, — деп белгиледи президент.

31