2026-жылдын 1-январынан тарта тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу энелер төмөнкү өлчөмдө төлөм алышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.
Ар бир 4-төрөлгөн балага – 100 миң сом; 5-балага – 600 миң сом; 7-балага – 1 млн сом; 8-балага – 1,2 млн сом; 9-балага – 1,5 млн сом; 10 жана андан кийинки балдарга – 2 млн сом берилет. Мындай чечимдер буга чейин боло элек болчу.
«Албетте, бул – чоң чыгымдар. Бирок бул – мамлекеттин келечеги талап кылган зарылчылык. Биз муну үй-бүлөлөр өзүн ишенимде сезиши, колдоого ээ болушу жана мамлекет дайыма жанында экенин билиши үчүн жасайбыз жана ишке ашырабыз! Бул жерде тоолуу аймактарды айтып жатабыз», -деди президент Жапаров.



