7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Чыгыш Азия менен Европанын ортосундагы негизги транзиттик каттамга айланат

25

Кыргызстан аркылуу Чыгыш Азиядан Европага чейин эң кыска транзиттик жол өтө баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда масштабдуу иштер жүрүүдө. Бул жөн гана темир жол линиясы эмес – бул Евразия экономикалык картасын өзгөртүүгө жөндөмдүү артерия. Кыргызстан жакында дүйнөлүк логистикалык жана транспорттук тармактын негизги оюнчусуна айланат.

«Бул мегадолбоор зор мүмкүнчүлүктөрдү түзөт: транзиттик кирешелердин өсүшү; экспорттук потенциалды өнүктүрүү; логистикалык хабдардын жана индустриалдык зоналардын пайда болушу; инвестициялардын келиши; коштоочу тармактарды өнүктүрүү – курулуш, металлургия, курулуш материалдары өндүрүшү, тоо-кен өнөр жайы, мамлекеттик-сервистер. Мына ушулардын баары тездик менен ишке ашат. Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык жана узак мөөнөттүү мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал жаңы темир жолун куруу, өлкөнүн транспорттук системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Бул темир жол линиясы – ири өнөр жай борборлоруна жол ачкан, өндүрүш аймактарын байланыштырган жана өлкөнүн борбордук аймактарынын жаңы экономикалык конфигурациясын түзгөн инфраструктуралык коридор болот», — деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров кошумчалагандай, жолдун курулушу бир нече негизги маселелерди чечет:

  • ири көмүр жана өнөр жай аймактарына түз темир жол жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
  • автоунаа маршруттарына альтернатива түзүп, жолдордогу жүктү жана ташуу чыгымын азайтат;
  • ири өндүрүштүк жана тоо-кен ишканалары үчүн логистиканы уюштурууга мүмкүндүк берет;
  • келечектеги өнөр жай зонасы жана кайра иштетүү кубаттуулугу үчүн транспорттук негиз түзөт.
26