7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Кыргыз кинематографиясына өзгөчө көңүл бурулат»

20

Кыргыз кинематографиясына өзгөчө көңүл бурабыз – ал маданий дипломатиянын күчтүү куралы болуп, өлкөнүн имиджин андан ары чыңдайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Кыргыз киноиндустриясында чыныгы кайра жаралууга жетишүү мезгили келди. Киностудияларды модернизациялоодон жана улуттук режиссерлорду, сценаристтерди, актерлорду колдоодон баштап, жеке инвестицияларды, заманбап технологияларды жана эл аралык өнөктөштөрдү тартууга чейин сапаттуу, терең, атаандаштыкка жөндөмдүү кино тартуу үчүн толук шарттарды түзүшүбүз керек.

Биздин тасмалар дүйнөлүк фестивалдарда кайрадан жаңырып, кыргыз элинин тарыхы чоң экрандарда көргөзүлүп, өлкөбүздүн сыймыгына жана маданий  булагына айланышы үчүн ата мекендик кинематографияга жаңы дем беришибиз керек.

Кино менен катар улуттук искусствонун чоң катмары да өнүгүп жатат: жаңы театр чыгармалары, заманбап живопись, документалистика, улуттук фольклор, оркестрдик аткаруу, жаштардын маданий демилгелери. Биздин максатыбыз – кыргыз искусствосу кайрадан дүйнөлүк сахналарда жана фестивалдарда татыктуу орунга ээ болууга тийиш. Биздин негизги чыгармачыл байлыгыбыз болгон жаштар өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Бүгүнкү күндө жаштар музыка, театр, кино, адабият, фотография, санариптик искусство, видео өндүрүш, блог жүргүзүү жаатында өз ойлорун билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрдү издешет. Биз аларды түзүп беришибиз керек. Мамлекет алардын идеяларын, демилгелерин, чыгармачыл лабораторияларын, студияларын, сынактарын жана эл аралык программаларын колдоого алат.

Биздин максат – ар бир талантты өстүрүүгө шарт түзүү, аларды ресурстардын же инфраструктуранын жетишсиздигинен улам аксатып албоону камсыздообуз керек. Ошондой эле эл аралык маданий кызматташтыкты да бекемдейбиз. Кыргызстан цивилизациялардын дүйнөлүк диалогунун активдүү катышуучусу катары, глобалдык аянтчаларда өз маданиятын көрсөтүп, чет элдик артисттерди кабыл алып, биргелешкен долбоорлорду уюштуруп, өлкө чегинен тышкары биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү даңазалоосу зарыл.

21