7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистандан ташылып келген 22 тонна эт өлкөгө киргизилген жок

228

«Торугарт» өткөрмө жайында 21,8 тонна уй эти Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жүк Кытай аркылуу Пакистандан ташылып келе жаткан.

Чек арадагы көзөмөл пунктундагы текшерүүнүн жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, аталган жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп бербей, ошондой эле жүк ташуу учурунда ветеринардык-санитардык эрежелер бузулган.

Натыйжада жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.

229