7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Космоско уча албайбыз, бирок жол салганга мээбиз жетет»

21

Үйрөтүүгө убакыт жок, сырттан чет элдик адистерди тартууга аргасызбыз. Бул тууралуу мамлекет башчы IV Элдик курултайда айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан учурда көп тармактарда өз алдынча иш алып барууга даяр болбогондуктан, чет өлкөлүк адистердин жардамына муктаж.

“Биз азырынча көп нерсени өзүбүз жасай албайбыз. Ошондуктан жаштарды дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнө – Россияга, Кытайга, Европага, Америкага окууга жөнөтүп жатабыз. Алар үйрөнүп келишсе, жолдорду, объектилерди өзүбүз куруп калабыз. Космоско уча албайбыз, бирок жол салганга мээбиз жетет. Бирок, азыр жолду да сырттан келгендерге салдырып жатабыз”,– деди мамлекет башчы.

Ал ошондой эле Кыргызстанга келген чет элдик адистердин экономикага кошкон салымын белгилеп, алар жергиликтүү кадрлар үчүн мыкты тажрыйба мектебине айланып жатканын кошумчалады.

“Биздин адистер даяр болуп калганча күтүп отура албайбыз. Андыктан азыр чет өлкөлүктөр менен иштешүүгө мажбурбуз. Бул коркунуч эмес, тескерисинче, мүмкүнчүлүк”,– деп белгиледи Жапаров.

Ошондой эле президент эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, өнүгүү үчүн ачык саясат керек экенин айтты.

“Дүйнө менен ачык жана кеңири кызматташканды үйрөнүшүбүз керек. Азыр дүйнө тез өзгөрүүдө, мамлекеттер аралык байланыштар күндөн-күнгө өнүгүп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдүн баары тыгыз карым-катнаш түзүп, бири-бири менен активдүү баарлашууда”,-деди ал.

22