Талас облусунун делегаты Абдалим Жайнаков IV Элдик курултайдын жүрүшүндө бир нече мамлекеттик мекемелердин ишин сынга алып, алардын ишмердүүлүгүндөгү системалык көйгөйлөргө токтолду.
Анын айтымында, бир катар министрликтердин ишинде материалдык-техникалык ресурстардын жетишсиздигине, ошондой эле башкаруу чечимдерине байланыштуу олуттуу кемчиликтер сакталып калууда. Ал Агартуу министрлигин, Саламаттык сактоо министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин, ошондой эле Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигин атады.
«Биринде техника жок, экинчисинде акыл жок», — деген делегат мындай кырдаал калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатына түздөн-түз терс таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 690 делегат катышууда. Курултай эки күнгө созулуп, эртең да уланат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



