7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Делегат: Кадамжай сурма комбинатынын ишин жакшыртып берүүнү суранабыз

25

Убагында дүйнөлүк эталон болгон Кадамжай сурма комбинатынын учурдагы абалы өтө өкүнүчтүү болуп турат. Бул тууралуу Кадамжай шаарынан келген делегат Исламидин Арыков өлкө башчысына кайрылуусунда билдирди.

«Комбинаттын токтоп калган ишин 2021-жылы өзүңүз келип жандандырып бердиңиз эле. Ушул ишкананын ишин аягына чыгарып берүүңүздү суранабыз. Убагында дүйнөлүк эталон болгон Кадамжай сурма комбинатынын учурдагы абалы өтө өкүнүчтүү болуп турат.

Экинчиден, 2024-жылы «Кара-кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгында» Абдыкадыр Орозбековго кыргыз Эл баатыры наамын бердиңиз эле. Ал үчүн Кадамжайдын эли сизге терең ыраазычылык билдирет. Учурда Орозбеков өзү туулуп өскөн Орозбеков айылында 25 миңден ашуун калк жашайт. Маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн айылга Маданият үйү керек. Ага карата айыл өкмөтү жер бөлүп берип, долбоорун даярдады. Ушул долбоорду карап берүүңүздү өтүнөбүз.

Үчүнчүдөн, Кадамжай шаарынын калкынын көбөйүп жатканына байланыштуу турак жайлар да көбөйүп, инфраструктураны талап кылууда. Учурда саркынды суу түтүктөрү менен таза суу курулмалары талапка жооп бербейт. Алар 1980-жылы ишке берилгендиктен, эскилиги жетти. Ушул маселени да чечип берүүңүздү суранабыз»,-деди делегат.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 690 делегат катышууда. Курултай эки күнгө созулуп, эртең да уланат.

26