7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаңы жылдык балаты майрамы өттү

22

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарында А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркте реабилитациялык борборлордун, атайын мектептердин жана бала бакчалардын балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, балдар үчүн цирктин чыгармачыл жамааты даярдаган “Жалындаган атты издеп” аттуу жаңы жылдык шоу көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чарага 12 атайын бала бакчанын, 3 адистештирилген мектептин, 2 балдарга жардам көрсөтүү борборунун, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барган 32 уюмдун өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары, социалдык жактан жеңилдетилген категориядагы үй-бүлөлөрдүн балдары да чакырылган.

Балдарды мэрдин орун басары Виктория Мозгачева куттуктап, балдарга чың ден соолук, жакшы маанай, кубаныч, күлкү жана эң асыл тилектеринин орундалышын каалады.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

23