7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамбеталиев: Маданият министрлигине делегаттардан 91 кайрылуу келип түштү

19

IV Элдик курултайда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине делегаттардан жалпысынан 91 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү аймактардагы маданият үйлөрүн оңдоп-түзөө маселесине байланыштуу болгон.

“Делегаттардын көпчүлүгү маданият үйлөрүн оңдоп берүүнү суранышты. Биз аларды мүмкүнчүлүккө жараша бирден карап, оңдоого аракет кылабыз. Ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбайт”, — деди министр.

Ал министрлик бул багытта иш алып барып жатканын, жер-жерлердеги маданият объектилерин жакшыртуу мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү максаттардын бири экенин кошумчалады.

20