7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусунда 7 мектеп, 6 бала бакча жана 2 спорт зал ачылды

21

Бүгүн Ош облусунда 15 социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын ичинен жетөө мектеп, алтоо бала бакча жана экөө спорт зал.

Өзгөн району

  1. Алга айылында жайгашкан «Азада-Апа» бала бакчасы, 120 орундуу. Долбоордун наркы — 77 млн 910,1 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган. Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.
  2. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылында жайгашкан, 60 орундуу бала бакча. Подрядчы — ЖЧК «Алтрейд».
    Долбоордун баасы — 46 млн 342,7 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган.

Ноокат району

  1. Он-Эки-Мойнок айылындагы 275 орундуу мектеп. Долбоордун наркы — 133 млн сомдон ашык. Курулуш 2023-жылдын IV кварталында башталып, толук аяктады.
  2. Кара-Кокту айылындагы 150 орундуу билим уясы. Долбоордун наркы — 92 млн 460 миң сом. Курулуш 2024-жылдын май айында башталып, толук бүттү.
  3. Жар-Коргон айылында жайгашкан 120 орундуу бала бакча. Жеке инвестор тарабынан курулуп, долбоордун баасы — 60 млн сом.
  4. Төөлөс айыл аймагындагы 225 орундуу мектеп. Курулушка 74 млн 931 миң сом сарпталган.

Кара-Кулжа району

  1. Биймырза айылындагы 120 орундуу бала бакча. Долбоордун наркы — 70 млн 246,5 миң сом.

Кара-Суу району

  1. Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан 275 орундуу мектеп. Курулуш 2015-жылы башталып, толук аяктады. Жалпы наркы — 105 млн 495 миң сомдон ашык.
  2. Андагул айылында жайгашкан 150 орундуу мектеп. Долбоордун баасы — 104 млн сом.
    Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.
  3. Кара-Суу шаарында Ленин атындагы мектептин 450 орундуу кошумча окуу корпусу. Республикалык бюджеттен каржыланып, 107 млн сом сарпталган.
  4. Отуз-Адыр айылындагы 120 орундуу бала бакча, долбоордун наркы — 53 млн 350 миң сом.

Алай району

  1. Жерге-Тал айылындагы спорт залы. Курулушка 23 млн 374,2 миң сом жумшалган.
  2. Аскалы айылындагы 100 орундуу мектеп. Курулуш 2024-жылы башталып, 42 млн 638,9 миң сом сарпталган.
  3. Сары-Могол айылындагы 140 орундуу мектеп. Долбоор 2023-жылы башталып, 86 млн 950 миң сом каражат сарпталган.
  4. Тогуз-Булак айылындагы №29 Келдибай Тайчабаров атындагы орто мектептин спорт залы. Курулуштун жалпы наркы — 20 млн сом.
22