7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курултай делегаты Садыр Жапаровго шайлоо алдындагы убадасын эстетти (ВИДЕО)

20

IV Элдик курултайда Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнөн делегат болуп келген Абдали Жайнаков президент Садыр Жапаровдон Ынтымак-Башат участкасына жаңы мектеп салып берүүнү суранды.

Ал билдиргендей, Бужум айылы район аймагында калк эң көп жайгашкан аймак. Ал жерде 13 миңден ашуун адам жашайт.

«Айылда эки орто мектеп бар. Алар айылдын чок ортосунда жайгашып, СССР убагында салынган. Азыркы убакта окуучулар 4 чакырым жол басып, мектепке барып, айрыкча кыштын күнү кыйналып жатышат.

Бужум айылынын Ынтымак-Башат участкасына бир мектеп салып беришиңиздерди сурабыз«,- деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаровго президенттик шайлоо алдында Ынтымак-Башат участкасына мектеп салып берүүнү убада кылганын эстетти.

«Президенттик шайлоо алдында эл менен жолугушууда Ынтымак-Башат участкасына бир мектеп салып берүүнү убада кылган экенсиз. Эл ошол убаданы эстетип кой деп жөнөтүштү. 2026-жылдын иш планына ушул мектепти киргизип берүүнү суранам. Жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз»,— деди делегат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

21