7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Социалдык фонд 82,1 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

341

2025-жылы милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 82 млрд 136 млн сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүнүн өсүшү 105 пайызды түздү, же пландан 5 млрд 136 млн сомго көп жыйналды.

«2026-жылы 88 млрд 100 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо пландалууда. Ал эми 2027-2028-жылдары камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүн 94 млрд 400 млн сом жана 101 млрд 200 млн сом өлчөмүндө жыйноо болжолдонуп жатат», — деп кошумчалады ал.

342