7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

IV Элдик курултайдын экинчи күнү өз ишин баштады

338

Бүгүн борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултайдын экинчи күнү өз ишин баштады.

Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.

Ошондой эле 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегаттын 690ну катышууда. Анын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.

Делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин бийликке жеткирүүдө. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшмөкчү.

Делегаттар тарабынан Эсептөө комиссиясынын 11 мүчөсүн жана Улуттук кеңештин 17 мүчөсү бекитилген. Андан соң Улуттук кеңештин 17 мүчөсү төраганы жана анын эки орун басарын шайлашты.

Эскерте кетсек, IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп Мамбеткерим Чекиров, төраганын орун басарлары болуп Замирбек Көчөрбаев жана Байболот Абытов шайланышкан. Ал эми IV Элдик курултайдын эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп Жаныбек Баргыбаев шайланган.

339