7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашуулардагы абал: Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

22

Бүгүн саат 09:00гө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

 Маалым болгондой, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Аймакты караган Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылууда.

Мындан тышкары, бардык унаа жолдорунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз», — деп айтылат маалыматта.

23