7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик курултай: Жумгалдыктар көмүрдү жарым баасында берүүнү суранышууда

154

IV Элдик курултайдын жүрүшүндө Жумгал районунан келген делегат Бермет Нурдинова тургундардын талаптарын айтты.

Ал көмүр алардын жеринде казылып жаткандыктан, район тургундарына аны жарым баасында сатууну суранышканын белгиледи.

Ошондой эле ал көмүр казуу иштеринен улам жайыттар кыскарып, аба булганып жатканын айтты.

Делегат сугат суу маселесин чечүү үчүн БСР (сугат суусун топтоочу бассейн) жана БДР (суткалык жөнгө салуучу бассейн) системаларын курууну өтүндү. Мындан тышкары, район ичиндеги жолдорду кеңейтүү талабын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте IV Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат. Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегаттын 690ну катышууда. Анын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.

155